1. Күч унаа катарында пайдаланылуучу жал куйруктуу, сом туяк үй жаныбары, төрт түлүк малдын бир түрү. Жылкы ичинде чоң тору ат Боолук салса карматат (Тоголок Молдо). Жон-жондон көзгө элестейт, Жылкы айдап жүргөн жигиттер (Маликов). Алдында минген жапалдаш карагер мышыктай элпек жылкы экен (Сыдыкбеков). 2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын жыл сүрүү эсебиндеги жетинчи жылдын аталышы. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).
Асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарба. Жылкы завод аттары Жээрде кашка, марал баш (Осмонкул).
Чунандап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө. Ал өзү жылкы кыял, кишинин баары менен урушуп журет (Абдукаимов).
Чунаңдап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө. Ал өзү жылкы кыял, кишинин баары менен урушуп жүрөт (Абдукаимов). В.: Жылкы мүнөз. Кээ адам жылкы мүнөз болот, ушул жигитке жумшак мамиле жакпайт (Укаев).
к.
ЖЫЛКЫ КЫЯЛ
Кээ адам жылкы мүнөз болот, ушул жигитке жумшак мамиле жакпайт (Укаев).
к.
ЖЫЛАН ЧАКПАЙ, ЖЫЛКЫ ТЕППЕЙ
Жылкы теппей, жылан чакпай эчтемеден эчтеме жок, Айдайдын уйгө кетип калышына жол болсун (Жантөшев). Жылкы теппей, жылан чакпай эмне болуп кетти сага? (Бердикеев).
к. жылан чакпай, жылкы теппей. Жылкы теппей, жылан чакпай, эчтемеден эчтеме жок, Айдайдын үйгө кетип калышына жол болсун (Жантөшев).
ЖЫЛКЫ ТИЙҮҮ — мал чарбачылык менен тиричилик өткөрүп келген көчмөн түрк, моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун сюжеттик курулушунда туруктуу колдонулган типтүү учурлардын бири. Ж. т. эпостун согуштук эпизоддорунун өнүгүшү үчүн олуттуу роль ойнойт.

Душман тараптын жылкысын тийип айдап жөнөшү — негизги согуштук окуянын башталышына шарт түзүп, эки тараптын колунун (аскеринин) беттешүүсүнө себеп болот. Мисалы, «Чоң казат» эпизодундагы Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барып, Ажыбайдын Карткүрөңүн калмак-кытайлардын жылкысына кошуп жиберип, айдап жөнөшү бардык вариантта салттык түрдө айтылат. Жылкынын артынан душмандар кууп келип согуш болот, эки тараптын колдору беттешип кытайлар жеңилет.
Ушундай эле Алмамбет Көкчөгө келгенден кийин ар кайсы элдерден жылкы тийип келип, Көкчөнү байытат. Айрым варианттарда (Радлов, Түштүк Кыргызстан) Алмамбет тарынып Көкчөдөн кеткен соң, Манасты ээрчитип барып анын жылкысын тиет жана башкалар Жамаатташ жашаган элдер, уруулар бир-биринин жылкысын тийип алуу — аталык-феодалдык көчмөн коомдун шартында учуроочу салттык кадыресе көрүнүш болгон.
Э. Абдылдаев